Бири-бирине күнүлүк мамиледе болгондор. Күнүлөш аялдар. Күнүлөшү менен сүйлөшүү.
1. Бирине бири күнүлүк мамиле кылуу, бири-бирине карата кызганчаактыгын, ичи тардыгын көрсөткөн күнүлөштүк мамиледе болуу. 2. өт. Бири-бирине атаандашып эрегишкен, көрө албай ичи тардык кылган мамиле жасоо. Күнүлөшүп Канчоро, Кекенип калды таарынып («Семетей»).